АКШда курсагында чарчап калган баласын 9 жыл бою көтөрүп жүргөн аял көз жумду

АКШда көп балалуу эне курсагында чарчап калган баласын 9 жыл бою көтөрүп жүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Аял Танзанияда жашап, 8 балалуу болгон. Анын ичинен үчөөсү каза болуп калган. Акыркы кош бойлуулугунун тогузунчу айында дарыгерлер түйүлдүктөгү баланын чарчап калганын айтышып, эгер бойдон түшпөсө, 2 жумадан кийин келиши керектигин айтышкан. 2 жумадан кийин ооруканага келген жана андагы адамдар аялды баласын өлтүрүп салган деп айыпташкан. Ал стресске кабылып, ооруканага барбай эле коюуну чечкен.

9 жылдан кийин аял Нью-Йоркко көчүп кеткен. Ичи ооруп жатканынан ооруканага кайрылган. Дарыгерлер түйүлдүк калып калганын айтып, операция жасоо керектигин билдирген. Бирок аял жасатпай койгон. Аял АКШга көчүп баргандан 14 айдан кийин каза болгон.