АКШда «лайк» үчүн киши өлтүрүүгө шектелип 4 өспүрүм камакка алынды

АКШда 4 өспүрүм «лайк» үчүн адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Учурда окуя интернет айдыңында кызуу талкууга түшүп жатат. Маалыматка ылайык, 12-14 жаштардагы 4 өспүрүм Луизиана штатындагы соода борборунда теңдеш өспүрүм кызга бычак менен кол салышкан. «The Daily Dot» басылмасы жазгандай, кармалгандардын ичинен бир кызга “киши өлтүрүү” беренесинин негизинде айып тагылды.

Алар окуяны Фейсбук жана Инстаграмда түз эфирде көрсөтүшкөн. Учурда 4 өспүрүм тең жашы жете электердин абагына киргизилди.

Жабыркаган кыз ооруканада каза болгон.