АКШда океанариумдагы кундуздардан коронавирус аныкталды

АКШнын Жоржия штатындагы океанариумда азиялык кундуздардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Фейсбуктагы «Georgia Aquarium» баракчасында айтылат.

Алгач кундуздардан респиратордук инфекциянын белгилери: чүчкүрүү, мурун бүтүү жана алсыздык байкалган. Кээ бирлери жөтөлүп баштаган.

Кундуздар коронавирусту илдеттин жеңил түрү менен ооруган океанариумдун кызматкеринен жуктурушканы болжолдонууда. Себеби океанариумдагы айбанаттар кардарлар менен түз байланышта болушпайт.