АКШда оозунда адамдын денеси бар аллигаторду өлтүрүштү (видео)

АКШнын Флорида штатында полиция оозунда адамдын денеси бар аллигаторду өлтүрүштү.

Аймактагы Ларго каналынан 4 метрдей узундуктагы сойлоп жүрүүчүнүн оозунда адамдын жарым денеси бар экенин көргөн жергиликтүүлөр полицияга кабар беришкен.

Кармалган жаныбар өлтүрүлгөн. Көлмөдө 41 жаштагы Сабрина Пекхэмдин сөөгү табылган. Аялдын кандай жагдайда каза болгону териштирүүгө алынган. Аял каза болгон учурда токойдон алыс эмес үйсүздөрдүн лагеринде жашаган.