АКШда өзбекстандык аялына бычак менен кол салган. Ал атып өлтүрүлдү

Нью-Йоркто полиция кызматкерлери аялына бычак менен кол салган 46 жаштагы өзбекстандык жаранды атып өлтүргөн деп жазат New York Post.

Аялдардын эл аралык күнүндөгү үй-бүлө майрамы чырдан улам кайгылуу окуяга айланды. Аялдын кыйкырган үнүн уккан кошуналар полицияга кайрылышкан. Ал полициянын куралды таштоо талабына баш ийбей, полицияга кол салууга аракет кылган. Алар жооп иретинде ок чыгарышкан.

Кол салган Жамшид Нематов каза болгон. Жакындарынын айтымында, ал кишинин физикалык жана психикалык саламаттыгы акыркы убакта абдан начарлап кеткен. «Ал дарыланууга муктаж болчу, бирок дарыгерге барган эмес»,- дешкен жакындары.  43 жаштагы Амира Нематова жаракат алып ооруканада жатат.