АКШнын Огайо штатында полиция кызматкерлери 16 жаштагы Ма’Кхии Брайант аттуу кыздын өлүмүнө алып келген чатактын тасмасын жарыялады.
Полиция басма сөз жыйынын өткөрүп, анда кызматкерлердин биринин төшүндөгү камерага жазылып калган видеотасманы көрсөтүштү. Тасмада бычак көтөргөн кыз башка кызды жерге кулатканын көрүүгө болот. Полиция кызматкери андан жерге жатууну талап кылат, бирок кыз буйрукка баш ийбей экинчи кызга атырылат. Ошондон кийин полиция кызматкери кызды көздөй тапанчадан 4 жолу ок чыгарат.
Бул иш-аракетин полиция бычак менен кол салуу болгону жатканы тууралуу кабарга реакция кылышканы катары түшүндүрдү. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза тапкан.
BREAKING VIDEO: COLUMBUS POLICE RELEASES BODY CAM FOOTAGE OF AN OFFICER MURDERING MA’KHIA BRYANT EARLIER TODAY. WARNING — GRAPHIC FOOTAGE #MaKhiaBryant #makiyahbryant #GeorgeFloyd pic.twitter.com/mMUklpnk6g
— anoncat🐈⬛🏴 (@anoncatnews) April 21, 2021











