АКШда пранкер музейге келгендерди бут кийими менен тамашага салды (видео)

Кээде заманбап искусствону түшүнүү кыйын. АКШнын ТикТокто популярдуу болгон пранкери муну пайдаланууну чечкен. 

Пранкер Нью-Йорктогу музейлердин биринде кийип жүргөн бут кийиминин бирин чечип, музейдин бир бурчуна коюп койгон. Бир нече убакыттан кийин анын жанына барып, сүрөткө тарткандар болгон.

Ушундан кийин дароо эле социалдык тармактарда заманбап искусствонун чыныгы баалуулугу тууралуу талаш-тартыш пайда болду. Көпчүлүк колдонуучулар музейге келгендерди тамашалап, «жок эле нерседен искусство издей беришет» дешсе, айрымдары пранкерди сындап жатышат.