АКШда робот-хирургду аялдын өлүмүнө шектеп жатышат. Маркумдун жолдошу сотко кайрылды

Америкалык аял робот-хирург жасаган операциядан кийин каза болду. Анын жолдошу өндүрүштүк компанияны сотко берген.

2021-жылдын сентябрында Сандра Сульцерге ичеги рагын алып салуу операциясы жасалган. Процедурага робот тартылган. Робот бейтапты күйгүзүп жана ичке ичегисин жарып салган. 

Операциядан кийин Сандранын ичи ооруп, дене табы көтөрүлгөн. Ал бир катар башка медициналык процедуралардан өткөн, бирок алар жардам бере алган эмес – ал 2022-жылдын февралында каза болгон. Сандранын жолдошу сотко кайрылууну чечкен. Анын айтымында, роботту чыгарган компания ички органдарды күйгүзүп салышы мүмкүн экенин билген жана азыркы күнгө чейин роботту сатып келишүүдө.