АКШда тик учак радио мунарага урунуп, төрт киши каза болду

Хьюстондо (Техас штаты) тик учак радио мунарага урунуп, кулап түштү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, кыйроого жеке менчик төрт орундуу Robinson R44 тик учагы учураган. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, тик учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:54 чамасында радио мунарага урунган. ABC News телеканалы жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен төрт адам каза болгонун, анын ичинде бир бала болгонун жазды.

Радио мунарасы тик учак менен кагылышуудан кийин кулап, өрттөнүп кеткен.