АКШда турист асканын ураганына күбө болду (видео)

Америкадагы Мичигандын Жогорку жарым аралындагы Pictured Rocks көлүнүн жээгиндеги жар урады. Көлгө кеме менен саякатка чыккан Жон Мартин бир мүнөткө жетпеген убакытта болгон жардын кулашын видеого тартып алууга үлгүргөн. 

«Биз жардын жарылганын уктук. Бир мүнөттүн ичинде, туурасы 60 метрдей болгон килейген бөлүк урады», — деди ал журналисттерге. Видеодо башка жүргүнчүлөрдүн кайыктарды «кармап калгыла» деп кыйкырып жатканы, көл толкуну аларды оодарып жибериши мүмкүн экени дагы көрсөтүлгөн

Уроо суу таштардагы жаракаларга, өсүмдүктөрдүн активдүүлүгүнө же жер титирөөдөн улам келип чыгышы мүмкүн. Ошондой эле, бул процесстерге ысыктын жана температуранын кескин өзгөрүшү таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылды.