АКШда учак кырсыгынан төрт адам каза болду

Бир моторлуу Cessna 210 учагы кечээ, 9-октябрда түштөн кийин Атлантада абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кулап түшкөн. Учакта болгон төрт кишинин баары набыт болгонун ABC News жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, учак кулап түшкөн соң, күйүп баштаган. Округдун өрт боюнча катчысы Жейсон Дэниэлстин айтымында, өрт өчүрүүчүлөр учуу-конуу тилкесиндеги жалынды тез эле өчүрүп калышкан. «Де-Калб-Пичтри аэропортунун аймагындагы кырсыктан кийин өрттөнүп кеткен учактын ичинде төрт адам болгон. Алардын баары каза болду», — деди өрт өчүрүүчү. Учак кырсыгынан кийин аэропорт жабылган.