АКШда учуп бара жаткан учактын дөңгөлөгү түшүп калган (видео)

United Airlines компаниясынын Boeing 777 учагы Сан-Франциско эл аралык аэропортунан учуп баратканда дөңгөлөгү түшүп калган. Ал аэропорттун унаа токтотуучу жайына түшүп, бир нече унаага зыян келтирген.

Мындан улам Боинг Лос-Анжелес аэропортуна шашылыш конууга аргасыз болгон. Учакта 235 жүргүнчү жана 14 авиакомпаниянын кызматкери болгон. Жабыркагандар болгон эмес.