АКШда өкүм учурунда айыпталуучу судьяга кол көтөрдү (видео)

АКШнын Лас-Вегас шаарында соттолуучу судьяга кол көтөрдү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып, видео менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматка караганда, Делон Редден уруп-согууга айыпталып, өзүнун күнөөсүн мойнуна алган. Ал бул жолку отурумда сыноо мөөнөтүн берүүнү суранып жаткан. Бирок судья баш тарткан чечим чыгарган. Ошондо жаран судьяга сот залында кол көтөргөн. 

Судья алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылды.