АКШда вакцина алгандарга бет кап кийбөөгө уруксат берилди

АКШда вакцина алгандарга бет кап кийбөөгө, көчөдө жана имарат ичинде аралыкты сактабоого уруксат берилди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Эмдөөдөн толугу менен өткөндөр мындан ары пандемиядан улам тыюу же чектөө киргизилгендин баарын жасай алышат. Вакцинаны толугу менен алды деп препараттын акыркы дозасын алгандан эки апта өткөн адам эсептелет. Бирок федералдык же аймактык мыйзам, жергиликтүү бизнес бет кап кийүүнү жана аралыкты сактоону талап кылса, анда аны америкалыктар сакташы керек болот. Ошондой эле, коомдук транспортто, аэропортто жана вокзалда бет кап кийүү талабы алына элек.

АКШда үч вакцина жактырылган. Pfizer менен Moderna вакцинасы эки дозадан, Johnson & Johnson бир дозадан турат. Аталган өлкөдө вакцинаны толугу менен алгандардын саны 117 миллиондон ашкан, бул калктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.