АКШда вакцина алуудан баш тарткан 150дөн ашуун ак халатчан иштен айдалды

АКШда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдөн баш тарткан 150дөн ашык медицина кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Хьюстон шаарындагы ооруканалардын биринин кызматкери Гейл Смит COVID-19 вакцинасын алуудан баш тарткандыгы үчүн жумуштан алынганын айтты. Анын айтымында, 200 кызматкердин 153ү эмдөөдөн өтпөгөндүгү үчүн жумуштан бошотулган. Маалымат боюнча, оорукананын жетекчилиги кызматкерлерди 7-июнга чейин COVID-19 вакцинасын алууга милдеттендирип, баш тарткандардын эмгек келишимдерин жокко чыгарган. Оорукананын жетекчилиги кызматтан убактылуу четтетилген кызматкерлердин арасынан илдетке каршы вакцинаны алгандар кайтып келүүсүнө мүмкүн экендигин баса белгилеген.