АКШдагы кар бороону 13 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖКМлар жазып чыгышты.
Кар бороондун кесепетинен 13 адам каза болгон. 1 адам көчөдө тоңуп калган, калгандары жол кырсыгынан каза болушкан. Маалыматка караганда, шамал менен коштолгон суук 45 градуска чейин жеткен.
Бороондун кесепетинен 1,5 миллионго жакын адам электр жарыгы жок калган.