АКШнын борбордук бөлүгүнөн чыгыш жээкке чейин жааган кар жана катуу суук 13 штатта уланып, аба ырайынын жагымсыз шарттарынан улам кырсыктардан үч адам каза болду.
Өлкө боюнча каттамдарды көзөмөлдөгөн Йе сайтынын маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен калың кар жана муздан улам 1400 каттам токтотулуп, кеминде 750 рейс кийинкиге калтырылды. Ызгаардан улам дем алыш күндөрү Кентукки, Виржиния, Канзас, Арканзас жана Миссури штаттарында өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бүгүн, 7-январда Батыш Виржиния жана Нью-Жерси штаттарында да өзгөчө абал. Канзас жана Миссорой шаарларында кар бороонунан улам кырсыктардан кеминде 3 адам каза болуп, 31 адам жаракат алганы айтылды. АКШнын айрым райондорунда кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти. Калың жааган кардан улам мамлекеттик мектептер жана федералдык мекемелер жабылды.
Вашингтондун мэри Муриэль Баузер биринчи кезектеги милдет шаарды кардан тез арада тазалап, жолдорду ачуу экенин айтты. Ал жарандарды зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырды.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жереми Эдвардс президент Жо Байден жана анын командасы АКШнын көпчүлүк бөлүгүнө таасир эткен суук жана кышкы шарттарды мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги байланыштар менен тыкыр көзөмөлдөп жатканын айтты.
Катуу бороондон улам бак-дарактар кулап, электр чубалгылары бузулгандыктан 350 миңге жакын үй-бүлө электр энергиясынан ажыратылганын жергиликтүү басылмалар маалымдады. АКШнын Улуттук океан жана атмосфера башкармалыгы бүгүнтөн кийин кар азаят, бирок полярдык суук бир аз убакытка созулат деп болжолдойт.