АКШдагы катуу шамалдан каза болгондордун саны 20 кишиден ашты

Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолгон катуу бороон-чапкын АКШнын түштүк жана батыш тарабын каптап, кеминде 22 кишинин өмүрүн алып, ондогон кишилерди жарадар кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Арканзаста кеминде беш, Иллинойс штатында төрт жана Индианада үч адам каза болду. Теннесси саламаттыкты сактоо департаменти аба ырайына байланыштуу жети өлүмдү тастыктады.

Иллинойс штатында көп кабаттуу үйдүн урашынан үч адам каза болду. Иллинойс штатында 260 адам отурган театрдын чатыры кулап түшкөн. 40 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.