АКШдагы кулаган имараттан сөөгү табылгандардын саны 24кө жетти. Дагы 120дан ашуун адамдын дайыны жок

Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө АКШнын Флорида штатында жарым-жартылай кулаган 13 кабаттуу үйдүн калдыктарынан дагы 2 адамдын сөөгү табылгандан кийин каза болгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Имараттын калган бөлүгү эртеңден тартып буздурулат. Урандылардын астында калды деп болжолдонгон 124 адамдан азырынча дайын жок. 300дөй куткаруучунун күнү-түнү дебей издөө иши токтотулган.

24-июнда 13 кабаттуу үй жарым-жартылай урап түшүп, анын астында 150дөн ашуун киши калганы маалымдалган.