АКШдагы торнадодо 5 адам каза болду (видео)

АКШнын борбордук бөлүгүн торнадо каптап, кеминде беш киши, анын ичинде төрт айлык наристе көз жумду. 100гө жакын адам жаракат алганын Associated Press кабарлады.

20 миңден ашык адам электр жарыгысыз калды. Оклахома штатында төрт адам каза болуп, штаттын көптөгөн аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Айрыкча Оклахома штатындагы Салфер шаары катуу жабыркаган. Ал жерде торнадо шаардын борборундагы көптөгөн имараттарды талкалап, унаалар менен автобустарды оодарып, үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен.