АКШнын артынан дагы 11 өлкө жарандарын Украинадан чукул түрдө чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын артынан дагы 11 өлкө жарандарын Украинадан чукул түрдө чыгып кетүүгө чакырды. Аталган мамлекетте Орусия менен аскердик жаңжал чыгуу коркунучу сакталып жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Кечээ, 11-февралда Улуу Британия, Норвегия, Канада, Латвия, Эстония, Нидерланддар, Черногория, Түндүк Македония, Япония, Түштүк Корея, Израилдин Тышкы иштер министрлиги жогорудагы чакырык камтылган билдирүүлөрдү жарыялашты. Аталган өлкөлөрдүн жарандарына Украинадан жакынкы күндөр ичинде чукул түрдө чыгып кетүү сунушталууда. Ошондой эле чет өлкөлүктөргө Украинага жер кезүү максатында барбай турууга кеңеш берилип жатат, себеби консулдук кызматтар чектелген.