АКШнын биринчи айымы Жилл Байден коронавирус жуктурду

«АКШнын биринчи айымы Жилл Байден коронавирус жуктурду» деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер.

Анын тестинен COVID-19 тастыкталган. Президент Жо Байдендин тести анда оору жок экенин көрсөткөн жана ушул аптада үзгүлтүксүз текшерилет. Маалыматтарга караганда, биринчи айымдын оорусу жеңил өтүп жатат. 

Жилл Байден буга чейин коронавируска чалдыккан. Андан инфекция бир жылдан ашык убакыт мурун — 2022-жылдын август айынын ортосунда аныкталган.