АКШнын чалгын кызматы: Украинада 20 күндүн ичинде 7 миңден ашуун орусиялык аскер кызматкери каза болду

Украинада согуштук аракеттер башталгандан тартып 20 күндүн ичинде 7 миңден ашуун орусиялык аскер кызматкери каза болду. Бул Ирак менен Ооганстандагы согушта 20 жыл ичинде өлтүрүлгөн америкалык аскер кызматкерлеринин жалпы санынан да көп. Бул тууралуу The New York Times басылмасы америкалык чалгын кызматындагы булагына таянып жарыялады.

The New York Times басылмасы каза болгондор тууралуу маалымат так болбой да калышы мүмкүндүгүн билдирген. Ал ЖМКлар жана спутниктен алынган сүрөттөрдүн анализинин негизинде чыгарылган.

Басылманын маалымат боюнча, каза болгондордон тышкары 14 миңден 21 миңге чейин орусиялык аскер кызматкерлери жарат калышкан. Жалпы согуштук аракеттерге 150 миңден ашуун аскер кызматкерлери катышып жатканы маалымдалган.

13-мартта Украинанын президент Володимир Зеленский согуштук аракеттер башталгандан бери биринчи жолу армиясынын жоготуусу тууралуу малымат берип, 1300дүн тегерегинде аскери каза болгонун айткан. Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуусу бир эле жолу маалымат берген, тагыраагы 2-мартта 498 аскер каза болгонун маалымдаган болчу. Орусия да, Украина да каза тапкан аскер кызматкерлери тууралуу регулярдуу негизде расмий маалыматты бербей келишет.