АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат

Американын Чикаго шаарында жакында Кыргыз маданий борбору ачылып, ал үчүн эки кабаттуу имарат ишке берилет. Бул тууралуу аталган шаарда жашаган кыргызстандык Мирлан Мурзапазылов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда Мурзапазылов учурда маданий борбор үчүн Чикаго шаарында имаратты алуу иштери аяктап калганы айтып, бул борбор чет жерде өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн экенин айткан. Ошондой эле ал борбордун ачылуу убактысы тууралуу дагы кененирээк маалымат берилерин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Чикаго шаарында 5 миңден ашык кыргыздар жашаары айтылып келет.