АКШнын Флорида штатында 14 жашка чейинки балдарга соцтармакка кирүүгө тыюу салынды

Флорида штатынын губернатору 14 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарда жеке аккаунттарын ачууга тыюу салган мыйзам долбооруна кол койгонун Tengri Life жазды.

14 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салынган, ал эми 14-15 жаштагы өспүрүмдөр ата-энесинин уруксаты менен гана аккаунт ача алышат. Мындан тышкары, жаңы мыйзам балдардын порнографиялык сайттарга кирүүсүн чектейт. Алардан жашын тактоо талап кылынат. Жаңы мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Флоридада гана күчүндө болгон мыйзамдын кандайча аткарылары жана жашты текшерүүчү кайсы механизм колдонулаары билдирүүдө түшүндүрүлгөн эмес. Ошондой эле социалдык тармактарды 14 жашка чыга элек адамдардын аккаунттарын өчүрүүгө милдеттендирери тууралуу маалымат да жок.