АКШнын жашыруун кызматы 11-сентябрдагы жардыруудан сүрөттөрдү жарыялады (сүрөт, видео)

АКШнын Жашыруун кызматы 2001-жылдын 11-сентябрында Дүйнөлүк соода борборунда болгон каргаша боюнча мурда жарыяланбаган сүрөттөрдү жарыялады. Сүрөттөр кызматтын Twitter аккаунтунда пайда болду. Сүрөттүн астында «Биз эч качан унутпайбыз» деп жазылган.

Видео жашыруун кызматтын сайтында да пайда болду. «2001-жылдын 11-сентябрындагы трагедиялуу окуялардын 20 жылдыгын эскерүү үчүн, АКШнын Жашыруун кызматы каза болгондорду эскерет жана биздин кызматкерлердин окуялары менен сыймыктануу менен бөлүшөт», — деп жазылган видеонун алдында.

Жыйырма жыл мурда, 2001-жылы, 11-сентябрда төрт жүргүнчү учагын барымтага алган 19 жанкечти тарыхтагы эң чоң теракт жасашкан. Апааттан 3 миңдей адам каза болгон.