АКШнын Johnson & Johnson вакцинасы кээ бир ооруларды козгойт

АКШнын Johnson & Johnson вакцинасын алгандан кийин неврологиялык синдром өөрчүп кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Мындай жыйынтык изилдөөдө жүздөй киши тууралуу отчетторду карап чыккан соң айтылган.

Адамдар Johnson & Johnson вакцинасын алгандан кийин неврологиялык синдром өөрчүп кеткен жана жабыркагандар ооруканага жаткырылып, бир киши көз жумган. Катталгандардын көбү 50 жана андан жогору курактагы эркектер. Аларда вакцина алгандан кийин эки жумадан кийин неврологиялык илдеттин өөрчүшү байкалган.

Janssen компаниясы чыгарган вакцина менен 13 америкалык эмделген. Каражат башкалардан айырмаланып, бир эле доза менен сайылат жана аны сактоо кыйла жеңил. Буга чейин аталган вакцинага тромбдорду (кан тамырда уюган кан) пайда кылышы мүмкүн деген кооптонуудан улам бир жолу токтотулуп, кайра уруксат берилген. Ошондой эле аны чыгарган заводдогу санитардык шарттарга байланыштуу дагы бир ирет эскертүү жасалган. 12-июлдагы билдирүүдө вакцина бул ооруну козгойбу же жокпу, так белгисиз экени айтылат.