АКШнын Кентукки штатындагы болуп көрбөгөндөй торнадо 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

АКШнын Кентукки штатында 10-декабрда күнү болгон торнадону губернатор Энди Бешир штаттын тарыхындагы эң күчтүү деп атады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Штатта торнадодон эң көп Мэйфилд шаары зыян тарткан, анда шам чыгарган завод талкаланып, торнадо келген учурда анда жумушчулар да болгон. Куткаруучулар имараттардын урандыларын тазалоого киришти. Торнадодон улам каза болгондордун саны 50 кишиден ашып, 100гө жакын болот деп божомол жасалууда. Кентукки штатында өзгөчө абал киргизилип, ал жакка Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлгөн. Торнадо АКШнын орто батыш бөлүгүндөгү башка штаттарга да кесепетин тийгизди. Ал жакта да каза болгондор бар.