АКШнын мамлекеттик катчысы: «Үйүңө кирген орусту кайра кетирүү оор»

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын бийлигин ЖККУнун катышуусу жок башаламандыкка каршы күрөшүүгө чакырды. Анын айтымында, казак өкмөтү өз күчү менен маселени чечүүгө жөндөмдүү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Блинкен Казакстандын бийлигин Орусия менен сак болууну эскертти. «Тарыхтан алынган бир сабак бар: үйүңө кирген орусту кетирүү оор», — деди ал. Буга карата Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова соцтармактагы баракчасы аркылуу реакция кылды. «Тарыхтан алынган дагы башка сабак бар: үйүңө америкалык кирген учурда аман калуу, талап-тоноосуз жана зордуктоого кабылуусуз калуу оор», — деди ал.