АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл коронавирустан каза болду

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 84 жашында коронавирустан улам каза болгонун соцтармактагы баракчасына жазылды. 

«Генерал Колин Пауэлл бүгүн, 18-октябрда эртең менен COVID-19 илдетинин өтүшүп кетишинен улам көз жумду», — деп жазылат маалыматта. 

Колин Пауэлл 2003-жылы АКШнын Иракка басып киришине чоң салым кошкон. Андан кийин 5-февралда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында ал Ирактын башчысы Саддам Хусейнге таандык делген биологиялык куралдарды өндүрүү технологиялары тууралуу маалымат алганын айткан. Бул сөздөрдү далилдөө үчүн саясатчы ак порошоктун пробиркасын көрсөтүп, анда Ирактын заводдорунда өндүрүлгөн массалык түрдө жок кылуучу куралдын үлгүсү бар экенин ырастады. Кийинчерээк пробиркалар жасалма болуп чыккан.