АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп камакка алынышы мүмкүн

Нью-Йорктогу чоң жюри АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты айыптоо үчүн добуш берди. АКШнын тарыхында өлкөнүн экс-президентине каршы кылмыш иши биринчи жолу козголуп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Трампка карата кандай айыптар коюлары азырынча белгисиз. Маалымат булактары айыптоо корутундусу жакынкы күндөрү коомчулукка жарыяланарын жазышууда.

Март айынын ортосунда Дональд Трамп аны 21-мартта Манхэттен округунун прокурору кармап кетиши мүмкүн экенин эскерткен. ЖМКлар миллиардер 2016-жылдагы президенттик шайлоо жарышынын акыркы күндөрүндө Трамп адвокаты аркылуу ооз ачпашы үчүн 130 миң доллар которгон порноактриса Сторми Дэниэлске пара бергени үчүн кармалышы мүмкүн деп эсептейт.