Американын мурдагы президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы активдүүлүгүн калыбына келтирет. Бирок бул жолу ал «өз эрежелерин» киргизет. Тактап айтканда, ал Интернет айдыңында жаңы платформа түзгөнү жатат. Бул тууралуу Fox News маалымат агенттиги Ак үйдүн мурунку башчысынын жардамчысы Жейсон Миллерге шилтеме берүү менен жазып чыкты.
«Трамп социалдык тармактарга эки-үч айдан кийин өзүнүн платформасында кайтып келет. Бул оюндун эрежелерин толугу менен өзгөртүп, ондогон жаңы колдонуучуларды кызыктырат», — деди Миллер. Маалыматтарга караганда, ал мындай чечимди анын баракчасын Твиттер менен Фейсбук кулпулап салгандан кийин чыгарган.
Январь айынын башында АКШнын мурунку лидеринин тарапташтары Капитолийди басып алышкандан кийин Твиттер акыры Дональд Трамптын баракчасын жаап салган. АКШдагы башаламандыктан 4 жаран жана 1 полиция кызматкери набыт болгон.
6-январда болгон бул окуялардан кийин Фейсбук социалдык тармагынын администрациясы республикачынын ошол кездеги президентинин чагымчыл постторунан коркуп, Твиттерден үлгү алышкан. Кийинчерээк Трамп өзү дагы Твиттерге кайтуудан баш тартып, социалдык тармак «мурдагыдай эмес» деп айткан.