АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчынын катаал иммиграциялык саясатын жокко чыгара баштады

АКШнын президенти Жо Байден иммиграциялык саясат боюнча жарлыктарга кол койду. Ал кол койгон буйруктардын арасында мигрант ата-энелерден балдарын ажыратууга чекит коюу да бар. Жо Байден мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамптын катаал иммиграциялык саясатын жокко чыгаруу кадамдарын баштаган. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Трамп өз саясатында мыйзамыз миграцияга чекит коем деген максатта мигрант ата-энелерден балдарын ажыратуу боюнча саясаты 2018-жылы баштаган. Анда 600дөй бала ата-энесинен ажыратылган. Жана Трамптын мындай иш аракеттери коомчулукта бир катар нааразычылыктарды, талаш-тартыштарды жараткан.

Мындан улам Байден 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн маалында балдар менен ата-энелерди кайрадан бириктирүүнү убада кылган. «Мурдагы администрация ата-энелердин колунан балдарын жулуп алган. Муну менен алар улутту уят кылды. Биз мунун үстүнөн иштейбиз», — деп билдирген Байден өз убагында.