АКШнын президенти Жо Байден сахнада кулап түштү (видео)

АКШнын президенти Жо Байден Колорадо штатында Аскердик-аба күчтөрү академиясынын курсанттарынын бүтүрүү аземинде кулап түштү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Байден сахнада жаткан кум салынган мүшөккө чалынган. Сакчылар 80 жаштагы президентти ордунан тургузуу үчүн өз убагында келишкен.