АКШнын президенти Жо Байден Украинага барды

Бүгүн, 20-февралда АКШнын президенти Жо Байден күтүүсүз Киевге барды. Аны менен Украинанын президенти Володимир Зеленский Киевдеги Ыйык Михаил соборунда тартылган кадрларды украиналык маалымат каражаттары жарыялап жатат. 

Байдендин келишине карата шаардын борбору таң эртеден баштап жабылган. Бүгүн, 20-февралда АКШ президентинин кошуна Польшага эки күндүк сапары пландалган. Анын Киевге сапарын Ак Үй бир нече жолу четке каккан. Польшанын маалымат каражаттары бул күндөрү Украинанын президенти да Польшага барарын жазышты.