АКШнын Сирияга абадан жасаган соккусунан 17 адам каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын Сирияга абадагы куралдуу күчтөрү менен жасаган соккусунан 17 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү кечинде АКШнын аскерлери Сириядагы эки куралчан топтун бир нече объектилерине абадан чабуул жасашкан. Мындан улам Иран менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттин жанындагы бир нече имарат жок болуп, ал жактагы адамдар каза болгон.

Ал эми мындай чабуулду жасоо буйругун АКШнын президенти Жо Байден бергенин, ошондой эле бул соккулар АКШ өкүлдөрү жүргөн Ирактагы коалицияга каршы жасалган акыркы чабуулдарга жооп болгонунда чет элдик маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.