АКШнын Скоттсдейл аэропортунда учактар кагылышкан жерде бир адам каза болду. Эки адамдын абалы оор жана жергиликтүү травматология борборлоруна жөнөтүлгөн. Дагы бир адам жергиликтүү ооруканага жеткирилди, төртүнчүсү окуя болгон жерде медициналык жардамдан баш тартты.
Gulfstream учагын эксплуатациялаган Jet ProsLLC компаниясы өз билдирүүсүндө кырсык болгон учурда учак токтотуучу жайда турган лайнердин бортунда жүргүнчүлөр жок экенин ырастады.
Скоттсдейлдин мэри ЛизаБоровски кечээ кечинде билдирүү таратты: «Скоттсдейл шаарынын атынан биз бул трагедиядан каза тапкандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз».
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, тергөө транспорт коопсуздугу боюнча Улуттук кеңешке тапшырылды.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...