АКШнын Техас жана Флорида штаттарында муштумдай болгон мөндүр жаады

27-апрелде Техас менен Флоридада аба ырайы кескин начарлап, муштумдай болгон мөндүр жаады.

Аба ырайынан улам 37 миңден ашык адам жарыксыз калды. 300дөн ашуун каттам токтотулган. Мөндүрдөн жүздөн ашык унаа жабыркаган. 

Элди муктаждыксыз үйлөрүнөн чыкпоого жана бардык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. Синоптиктер 28-апрелде аба ырайынын бузулушу уланарын билдиришти.