АКШнын тургуну үйүн оңдоп жатып көп акча таап алган

АКШнын тургуну үйүнө оңдоо жасатам деп көп акча таап алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Нью-Жерси штатынын тургуну Рич Гилсон 4 жыл мурун 1920-жылдары курулган коттеджди сатып алган. Алар үйүн жаңылап оңдоп-түзөөдөн өткөрмөкчү болушкан. Оңдоодо пайдубалынын ичинен резинкаланган кагаздардын топтомун таап алып, маани бербей таштанды жакка ыргытып салган. Эки күндөн соң ошол кагаздар кайра көзүнө түшүп, ичин ачып көрүүнү чечкен. «Кагаздардын ичин ачып карасам жашыл түстүү бир нерсе көрүндү. Дароо эле акча экенин түшүндүм. Алар тамекиге окшоп оролгон экен», — деген Рич.

Акчалардын баарын эсептеп чыкканда 10, 20 долларлык купюрадан 1000 доллар болгон. «Банкноттор 1934-жылкы басылып чыккандардан экен. Азыркы убактагы курс менен салыштырганда 20 миң долларга бааланат. Менимче, акчаларды бирөөлөр мыйзамсыз алып жашырып коюшкан. Мен аларды коротпойм. Бул табылга мен үчүн абдан баалуу», — деген Рич Гилсон.