Abank_nov
SerepTV Logo

АКШнын тарыхында биринчи жолу мусулман сенатор болот

АКШнын тарыхында биринчи жолу мусулман сенатор болот

42 жаштагы Абдул Эль-Сайед Мичиган штатын АКШ Конгрессинин жогорку палатасында өкүлчүлүк кылуу үчүн болгон жарышта республикачыл Майк Рожерсти жеңди.

Шайлоо өнөктүгү учурунда египет тектүү америкалык дарыгер жана эпидемиолог Эль-Сайед АКШнын Израилге көрсөткөн жардамын токтотууну, бардык жарандар үчүн жалпы медициналык камсыздандырууну киргизүүнү жана Иммиграция жана бажы кызматы — ICE мекемесин жоюуну жактаган.

The Independent басылмасы белгилегендей, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Эль-Сайедди атайылап бир нече жолу «Мохаммед» деп атап, аны «өлкөсүн жек көргөн жихадчы-акылынан адашкан адам» деп атаган.

Шайлоо өнөктүгү маалында Эль-Сайедди АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да шылдыңдап, мазактаган. Вэнс мамлекеттеги экинчи жогорку кызматтагы адам болуу менен бирге Сенаттын төрагасы болуп саналат.

«Дональд, менин атымды айтууда кыйынчылыкка туш болуп жүргөнүңдү билем. Ошондуктан Жей Ди январь айында мени ант бердиргенден кийин, мени жөн гана “сенатор” деп атай берсең болот», — деп жооп берген Эль-Сайед.

SEREP MEDIA