Актауда кырсыкка учураган учактын калдыктарын тазалоо ишине 306 адам тартылды. Казакстан ӨКМинин маалыматына ылайык, алардын арасында кинологдор да бар.
Кырсыктан каза болгон 38 кишинин сөөгү медициналык экспертизалык иликтөө борборуна жеткирилген. Алардын арасында 6 казакстандык жана 3 экипаж мүчөсү бар. Азырынча 7 адам такталды.
Кечээ куткаруучулар кара жашик табышканы маалым болгон. Кырсык болгон жерде күнү-түнү күзөт кайтарууда.











