Казакстандагы кыйраган учактын калдыктарын тазалоо иштери башталды

Актауда кырсыкка учураган учактын калдыктарын тазалоо ишине 306 адам тартылды. Казакстан ӨКМинин маалыматын ылайык, алардын арасында кинологдор да бар.

Кырсыктан каза болгон 38 кишинин сөөгү медициналык экспертизалык иликтөө борборуна жеткирилген. Алардын арасында 6 казакстандык жана 3 экипаж мүчөсү бар. Азырынча 7 адамдын өздүгү такталды.

Кечээ куткаруучулар кара жашик табышканы маалым болгон. Кырсык болгон жерде күнү-түнү күзөт кайтарууда.