Казакстандагы учак кырсыгынан аман калган жарандын жакындары менен сүйлөшкөн аудиосу соцтармакта тарады. Анда чеченстандык Заур Мамедов 2 саат учакта өлүмүн күткөнүн, аман калганын айтат.
«Сарсанаа болбо, биздин учак кулап, жарылды. Мен аманмын. Казакстандын кайсы бир жериндебиз. Кудай сактады. Эсимде жок, эки саттай учуп өлүмдү күттүм», — дейт Мамедов.
36 жаштагы Мамедов учак кулагандан кийин көп өтпөй жакындарына байланышкан. Маалыматтарга ылайык, атасынын тажыясынан кийин Грозныйга кетип жаткан.
Казактандагы Азербайжандын элчилигин, Актаудагы Азербайжандын консулдугунун алдына казакстандыктар гүл коюшуп, каза болгондорду эскерип жатышат.
Кечээ, 25-декабарда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган. Azerbaijan Airlines авиа компаниясынын Embraer 190 учагында 67 адам болгон. Анын бешөө борт кызматкери, калган 62си жүргөнчүлөр болгон.