AZAL учагынын Актауда кыйрашына ракеталык сокку себеп болгонун иликтөө тастыктады. Орусиялык тергөөчүлөр «Азербайжан аба жолдору» авиакомпаниясынын 8243 рейси абадан коргонуу «Карапцирь-С» ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн ырастаганын AnewZ басылмасы жазды.
«Тергөөчүлөр буга чейин ракета учурган адамдын, ошондой эле буйрук берген чиновниктин ким экендигин аныкташкан. Бирок азырынча бул маалымат ачыкка чыгабы же Москва жоопкерчиликтен качууга аракет кылабы белгисиз. Баку Орусия күнөөлүүлөрдү жоопко тартуудан баш тартса, эл аралык сотторго кайрылууга даяр. Азербайжандын президенти Илхам Алиев учакты орус тарап атып түшүргөнүнө ишеним билдирип, күнөөсүн мойнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону, кырсыктан каза тапкандардын жакындарына жана жабыр таркандарга кенетме төлөп берүү зарылдыгын билдирген. Азербайжан бийлиги акыйкаттык орноп, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алышы керектигин белгилеп жатат, — деп жазат басылма.