Актёр Алек Болдуин тасма тартуу учурунда операторду атып алды

Актёр Алек Болдуин тасма тартуу учурунда операторду атып алган. Бул тууралуу РИА Новости Санта-Фе округунун шерифинин билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.

«Шерифтин кеңсеси тапанча Алек Болдуин тарабынан атылганын тастыктады», — деп айтылат маалыматта. Окуя бош патрондор жүктөлүшү керек болгон тапанчаны атуу учурунда болгон. Тасманын режиссёру кол сөөгүнөн жаракат алган, 42 жаштагы оператор Алина Хатчинс оор жаракат алган, ал ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Санта-Фе округунун шерифинин кеңсесинин өкүлү актёрго азырынча эч кандай айып тагыла электигин айткан.