Актёр Арнольд Шварценеггер үйү жок 25 адамга Аяз ата болду

Америкалык актёр жана Калифорния штатынын мурдагы губернатору Арнольд Шварценеггер өз акчасына 25 үй куруп, аларды Рождество майрамында үйү жокторго белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Бүгүн мен Рождество майрамын эрте белгиледим. Үйү жокторго тартууланган турак-жайлар Лос-Анжелесте курулган. Биздин каармандар менен чогуу убакыт өткөрүү жана аларды жаңы үйүндө көрүү сонун болду», — деп жазган актёр.