Актёр Жан-Клод Ван Даммдын уулу азербайжан кызга үйлөндү (сүрөт)
Голливуддун белгилүү актёру Жан-Клод Ван Даммдын уулу Кристофер Ван Варенберг азербайжандык пианист Суада Гаджизадеге үйлөндү. Бул тууралуу" target="_blank">https://www.mk.ru/social/2021/06/17/syn-zhankloda-van-damma-zhenilsya-na-azerbaydzhanke.html"> "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жаштар мамилесин мыйзамдаштырып, бирок COVID-19 пандемиясынан улам салтанаттуу майрамдан баш тартышкан. Актёрго келин болгон 21 жаштагы музыкант Суада Гаджизаденин ысымы Азербайжандын жаш таланттарынын "Алтын китебине" киргизилген.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/syn-vandama-zhenilsya.jpg" alt="" width="442" height="442" />