Актриса Памела Андерсон жарнамага макияжы жок тартылды

56 жаштагы америкалык актриса Памела Андерсон «Proenza Schouler» брендинин жаңы жарнамалык кампаниясына макияжы жок тартылды. Атактуу айым аталган бренддин жазгы коллекциясынын жүзү болуп тандалган.

Актриса өткөн жылдын башынан тартып макияждан баш тартканын билдирген болчу. Ал эл көзүнө да, иш-чараларга да косметикасы жок чыгып калган.