Египеттин Хургада шаарындагы Dream Beach отелинин жанында, жээктен 30 метрдей алыстыкта эркек кишиге акула кол салды. Эс алуучулар соңку күндөрү балыктын сүзгүчүн көрүшкөн, бирок алар аны дельфиндер деп ойлошкон. Каргашалуу окуядан кийин шаардагы бардык жээктер жабылды. Бул тууралуу орусиялык басымалар жазышты.
Туристтердин айтымында, акула кол салган адамды куткарууга аракет кылышкан, бирок жырткыч кол салган адамды суунун түбүн көздөй алып кеткен.
Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон адам турист болгон эмес. Ал Египетте узак убакыттан бери жашап келген 23 жаштагы орусиялык болгон. Полиция кызматы өлкөдөгү Орусиянын консулдугуна кабар берген.
Кийинчерээк адамга кол салды делген акула кармалды деген видеолор тарады.