«Эрминия» бороону Европаны каптап, ал катуу шамал жана жамгыр менен коштолуп жатат. Италиянын Тоскана жана Лигурия аймактары катуу зыян тартып, Флоренцияда көчөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү суу каптап, транспорт каттамдарын токтоду.
Кырсыктын кесепетинен Генуяда таяныч дубал кулап, өрт өчүрүүчүлөр жабыркагандарды издеп жатышат. Жер көчкү Бузалла менен Миньянего шаарларынын ортосундагы жолду жаап калган.
Францияда акыркы 40 жылдагы эң катуу суу ташкыны деп бааланып жатат. Андан улам Атлантикалык Луара, Морбиан, Иль жана Вилен департаменттеринде өзгөчө абал жарыяланды.
Кечээ, 8-майда Кремлде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого Москвага барган чет элдик делегациялардын башчыларына Орусиянын президентинин атынан...
Кечээ, 8-майда Ватикан Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлады. Буга Сикстин капелласынын чатырындагы мордон чыккан ак түтүн жана коңгуроолордун кагылышы далил,...
Социалдык тармактарда Астанада тартылган видео тараган. Анда көкүрөгү орден-медалга толгон улгайган адам коопсуздук кызматкерлеринен аны аскердик параддын трибунасына киргизүүнү суранып...